Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Жерин өкмөт тартып алган казактар нааразылык акциясын улантууда


Бир нече аял жана алардын бала-чакасы Астанадагы өкмөттүк кеңсенин алдында үч күндөн бери турушат жана президент акимчилигинин башчысы Нурлан Нигматулин менен жолуктурууну талап кылышууда.

Пикетчи аялдар Астананын чет жакасынан “мамлекеттин муктаждыгы” үчүн деген жүйөө менен конфискацияланган жери үчүн талаптагыдай компенсация төлөнүшүн талап кылууда.

Алардын ырастоосунда, конфискацияланган жер чиновниктер менен ири ишкерлердин жеке менчик турак-жайларын куруу үчүн пайдаланылган.Жер ээлерине компенсация абдан эле аз берилген же такыр эле төлөнбөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG