Ушу тапта Бишкек - Ош автожолдун Сосновка постунда оор жүк ташуучу кырктай унаа өлкөнүн түштүк аймагына өтө албай топтолуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ал жактагы айдоочулардын бири Раушан Жамшидов кабарлады. Анын ишендиргенине караганда Транспорт жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү 44 тоннадан оор салмактагы жүк ташуучу автоунааларга тыюу салынат деген жүйөө менен өткөрбөй, 15 миң сомдон акча бергендерди тоскоолдуксуз өткөрүп жатат.
Соснавка бекетинин башчысы Эмилбек Таштаналиев автоунаа топтолгонун тастыктап, бирок, акча алуу жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, 44 тоннадан ашык салмактагы унааларга чектөө киргизилген. Бул жолду сактоо максатын көздөйт.Топтолгон унаалар ошонун негизинде кармалууда.
Буга чейин да Сосновкадагы бекеттин айланасында чыр чыккан эле. Бишкек - Ош автожолу аркылуу ташылган жүктөр ушул бекет аркылуу өтөт.