Бул укук коргоочу уюмдун билдирүүсүнө караганда, эл жашаган жерлерде башкарылбаган ракеталарды колдонуу аскерий кылмыш катары баалануусу мүмкүн.
“Хьюман Райтс Уотч” белгилегендей, атылгандан кийин ракеталары башкарылбаган жана кеңири аймакка чачырап кетүүчү “Град” системасын Украинанын чыгышындагы уруштарда армия да, орусиячыл жикчилер да колдонгон.
Расмий Киев чоң шаарлардын айланасында "Град" системасын колдонгонун төгүндөп жатат.
Бирок, “Хьюман Райтс Уотчтун” эсебинде, жикчилердин көзөмөлүндөгү Донецктин айланасында 12-21 июлдун аралыгындагы төрт соккуну текшерүү украин армиясы “Град” системасынан атканын ишара кылууда. Мындан кеминде 16 жайкын тургундун өмүрү кыйылган.
Укук коргоочулар жакында башкарылбаган ракеталарды колдонгону үчүн жикчилерди да айыпташты.
“Хюман Райтс Уотчун” билдирүүсү алдында Кызыл Чырым Украинадагы жаңжаалды жарандык согуш деп жарыялаган. Мындай расмий аныктама урушкан тараптарды аскерий кылмыштар үчүн жазалоого мүмкүндүк берет. (UE)