Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Нидерландия менен Австралия учак кыйраган жерди текшергиси келет


Бул эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Франс Тиммерманс менен Жулие Бишоп малазиялык жүргүнчү учак кыйраган жерге эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштырууга уруксат алыш үчүн учурда Украинада жүрүшөт.

Бул аралыкта кыйроо курмандыктарынын сөөктөрүнүн кезектеги бөлүгү Нидерландияга жөнөтүлүүдө. Украин бийликтери буга чейин Харьковго 200дөй жүргүнчүнүн сөөгү жеткирилгенин билдиришкен.

Нидерланд премьер-министри Марк Рюттенин айтымында, алар калган сөөктөрдү чогултуусу үчүн учак кыйраган жерге 40 полицейин жөнөтүүгө даяр. Австралиянын 90 полицейи жайгашууга уруксат күтүп, учурда Европада турушат.

Бул өлкөнүн премьер-министри Тони Эбботтун айтымында, алар дагы 100 полицейди жибере алат. (UE)

XS
SM
MD
LG