Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

ФИФА 2018-жылкы чемпионатты Орусиядан алуу чакырыктарын четке какты


Мындай чакырыктар малазиялык жүргүнчү учактын Украинада кыйрашына Орусиянын ыктымал тиешеси бардыгы тууралуу кеп-сөздөргө байланыштуу айтылууда.

Ошондой эле айрым мамлекеттердин 2018-жылдагы футбол чемпионатты бойкоттоосу боюнча да талкуулар жаралган.

Маселен, Берлинден айрым немец саясатчылары чемпионатты башка өлкөгө көчүрүүгө үндөшүп, футбол мелдешин Германия тосо алуусу мүмкүндүгүн ишара кылышты.

Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын жума күнкү билдирүүсүндө “тарых спорттук иш-чараларды бойкоттоо же изоляция жана конфронтация саясаты проблемаларды чечүүнүн натыйжалуу жол эместигин көргөздү” ,- деп белгиленет.

ФИФАнын президенти Зепп Блаттер Орусияны дүйнө чемпионатынын конок ээси укугунан ажыратуу чакырыктарын буга чейин быйыл мартта, Крым аннексиялангандан кийин да четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG