Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Бишкекте мырзалардын салттуу кийимдери көрсөтүлөт


Бүгүн Бишкекте мырзалардын көйнөктөрүнүн топтому, кыргыз маданиятындагы “жоголуп бараткан” салттуу кийимдердин “кайра жаралуусу” катары коомчулукка сунушталат. Иш-чара “Оймо” фестивалынын алкагында өтөрүн “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири, акын Жеңишгүл Өзүбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн жети дубанынан келген өкүлдөр кыргыздын каада-салтын көрсөтүшөт, илгерки ырларды ырдашат. Бул күнү улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уланат.

“Оймо” фестивалы кечээ, 25-июлда башталган. Тогузунчу ирет уюштурулуп жаткан фестивалга Борбор Азия өлкөлөрү, Орусия, Индия, Ооганстан жана Кытайдан келген кол өнөрчүлөр катышууда. Анын алкагында кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардын жармаңкеси, ар кыл мастер класстар өткөрүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG