Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “Мекендештер-2014” форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн ири рынокту ачарын, бул мигранттардын иштөөсүнө да жакшы шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле келечекте чек ара дубалдарын өстүрбөй, тескерисинче ачык болууга умтулуу зарылдыгын, ансыз экономика өнүкпөй тургандыгын белгиледи. Кыргызстандын ири ишканаларды ачуу мумкүнчүлугү жок экенин белгилеген Оторбаев, мекендештерди сырттан инвестор тартууга чакырды.
Мекендештердин эки күндүк Бишкек форумун “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду уюштурууда. Ага 25 өлкөдө жашап иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышууда. Иш-чара “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан астында өтүп жатат. Бүгүн Кыргызстандын чет жактагы диаспораларынын ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. (КЕ)