Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Азербайжандагы мелдеште кыргызстандык коло байге утту


Бүгүн Азербайжандын борбору Бакы шаарында эркин күрөш боюнча “Алтын Гран при” эл аралык турнири өтүүдө. Учурда кыз-келиндердин эркин күрөш таймаштары башталды. Мында 58 кг. салмакта өлкө намысын Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова коргоп жатат. Анын алгачкы атаандашы бразилиялык Жойсе Силва болмокчу.

Бул мелдешке мурдагы этапта байгелүү орундарды ээлеген кыргызстандык 4 балбан расмий чакырылган. 25-июлда кечинде Улан Надырбек уулу коло байге үчүн испаниялык Аугустин Санчес Парра менен күч сынашты. Жыйынтыгында Улан үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Турнирдин жеңүүчүлөрү алтын байге үчүн 10 миң АКШ доллары, күмүш медаль алгандар 5 миң доллар жана коло байге үчүн 2 миң доллар акчалай сыйлык алышат. (КМа)

XS
SM
MD
LG