"Украинанын аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн малайзиялык авиалайнерде курман болгондордун сөөгү кырсык болгон жерде кала берүүдө", - деп билдирди Австралиянын премьер-министри Тонни Эббот. Анын айтымында, австралиялык тергөөчүлөр учак кулап түшкөн жайдан каза болгон адамдардын сөөктөрүн таабууну улантууда.
Орусиячыл жикчилдер 17-июлда атып түшүрдү деген малайзиялык авиалайнерде 298 адамдын 37си австралиялыктар болгон. Бул өлкө окуяны тергөө-иликтөө маалында учак кулаган жайды күзөтүү үчүн өзүнүн 190 полициясын жөнөтмөкчү.
Украин бийлигинин ырастоосунда, кырсык болгон жерден 200дөй кишинин сөөгү табылган. Курман болгон жарандардын сөөктөрүнүн алгачкылары 23-июлда Нидерландияга жөнөтүлгөн. Калган табылган сөөктөр бүгүн Харьковдон Гаагага жөнөтүлөрү күтүлүүдө. (КЕ)