Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Чолпон-Атада Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары талкууланууда


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Казакстандын өкмөт башчынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев жолугушууда. Сүйлөшүү жабык өтүп жатканын “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Анда эки тараптуу кызматташуу, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары, Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан күйүүчү майдын Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде кармалып турушун, күз-кышка электр энергиясын Казакстандан алуу, суу маселелери талкууланары айтылды.

Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан 30 миңдей тонна күйүүчү май Казакстандын бажы бекетинде үч айга чукул убактан бери кармалып турат. 12-июлда кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукканда бул маселе көтөрүлгөн, бирок чечилген эмес. Ал эми Кыргызстан суу тартыштыгына байланыштуу быйыл күз-кыш мезгилинде 500 миллиондон 1 млрд кВт/ саатка чейин электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну Казакстандан суранган. (КЕ/UEz)

XS
SM
MD
LG