Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

"Азаттыктын" иликтөөсүнүн негизинде даректүү тасма тартылууда

Улуу Британиялык продюсер Фред Грейси “Азаттыктын” “Ысык-Көлдүн кумга сиңген миллиондору” деген аталыштагы иликтөө макаласынын негизинде даректүү тасма тартууда. Аталган макалада Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна “Кумтөрдөн” бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактылары, ушуга чейин бир дагы кызмат адамы жоопко тартыла электиги, дирекцияга берилген мектеп, бала-бакча жана социалдык объекттердин курулушу аягына чыкпай турганы жазылган. Тасма Кыргызстандагы “Өмүр дарагы” коому менен бирдикте тоо-кен тармагындагы ачыктыкты камсыз кылуу долбоорунун негизинде тартылууда. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG