Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:27

Өкмөт “Жол картаны» ишке ашыруу үчүн Казакстандан жардам сурады


Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол картаны” ишке ашыруу үчүн Казакстандан 100 миллион доллар кайтарымсыз грант суралды. Бул тууралуу кечээ Чолпон-Атада өткөн Бажы биримдиги шарттары боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматында экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, жыйын жүрүшүндө Казакстандын келген биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагынтаев баштаган делегация бул маселени карап көрүүгө макул болду. Бул боюнча чечим казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кеңешилип анан кабыл алынаарын Сариев кошумчалады.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу боюнча “жол картаны” ишке ашыруу үчүн 377 миллион доллар керек. Буга чейин анын 200 миллионун Орусия кайтарымсыз грант түрүндө бөлүп берүүгө макул болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG