Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Израил Газа тилкесине ок чыгарбоону дүйшөмбүгө чейин улантат


Израил Газа тилкесине ок атууну токтотууну дагы 24 саатка узартты. Бул өлкө өкмөтүнүн өкүлү кабарлагандай, гуманитардык максаттагы тыныгуу дүйшөмбү түнкү саат 12ге чейин уланмакчы. Бирок Израил армиясы ХАМАСтын чабуулдарына жооп кайтарылаарын жана Газа тилкесиндеги тоннелдерди жок кылуу аракеттери улантыларын эскертти. Буга чейин Бириккен Улуттар уюмунун өтүнүчү менен израил бийликтери 12 саат ок атууну токтотууга макул болгон эле. Анткен менен ХАМАС уюму бул тыныгууну четке какты. Уюм тараткан билдирүүдө “ Газа тилкесинен аскерлерди алып чыгуу жана бул аймакка тынч жарандардын кайтып келишине мүмкүнчүлүк бербеген элдешүүгө макул эмес экени” айтылган.

8-июлдан бери уланып жаткан Израил менен ХАМАС уюмунун салгылашында 1000ге жакын адам набыт кетти, алардын көбү палестиналык жайкын тургундар. Ал эми Израил тараптан 40 аскер жана 3 жай тургуну мерт болду.

XS
SM
MD
LG