Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Орусия: Евробиримдиктин жаңы санкциялары коопсуздукка шек келтирет


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Европа биримдиги Орусияга карата “кара тизмени” кеңейтүү менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты коркунучка кептеди деп эсептейт. “Кошумча санкциялар киргизүү менен Европа биримдиги Орусия менен эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери жаатында кызматташуудан толугу менен баш тартканынын көрсөттү” деп айтылат орус тышкы саясат мекемесинин билдирүүсүндө.

Европа Биримдиги 26-июлда Орусияга карата “кара тизмени” кеңейткенин жарыялаган. Орусияга каршы санкцияны кеңейтүүнүн алкагында жаңы “кара тизмеге” украиналык жана орусиялык 15 жаран жана 18 мекеме-уюм киргизилди. Европага кирүүгө тыюу салынган жана банктагы активдери токтотулган адамдар тизмесинде шОрусиянын тышкы чалгындоо мекемесинин башчысы Михаил Фрадков, Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников сыяктуу адамдар бар.

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын үчүнчү толкуну тууралуу Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында малайзиялык жүргүнчү учак кыйрагандан кийин айта баштаган. Учурда Евробиримдиктин “кара тизмесине” Орусия жана украиналык 87 адам жана 20 мекеме-уюм киргизилген.

XS
SM
MD
LG