Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Кыйраган учактагы 37 адамдын сөөгү Нидерландга жеткирилди


Украинанын чыгышындагы кыйраган малайзиялык учактагы 37 адамдын сөөгү ишембиде Нидерландга жеткирилди. Муну менен Украинанын Харьков шаарынан Нидерландга жалпысынан 252 адамдын сөөгү жеткирилди. Алардын 194ү бул өлкөнүн, 43ү Малайзия жана 37и Автралиянын жарандарынын сөөгү экени болжолдонууда.

Германиялык ДПА агенттиги кабарлагандай, кыйраган учактагы 24 адамдын сөөгү табылбай жатат. Буга чейин Австралиянын премьер-министри Тонни Эббот учак кыйраган жерде дале сөөктөр калып жатканын билдирген. Анын айтымында, австриялык тергөөчүлөр кырсык болгон жерге барып, сөөктөрду издөөнү улантып жатышат.


Ал ортодо Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак менен Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рутте Амстердамда жолугуп, кырсыкты иликтөө жагдайларын талкуулары күтүлүүдө.


Орусиячыл жикчилдер 17-июлда атып түшүрдү деп шектелген Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан малайзиялык авиалайнерде 298 адам болгон.

XS
SM
MD
LG