Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Израил Газа тилкесиндеги аскердик операциясын жандантты


Операция кайрадан жанданышына палестиналыктар ракетадан аткылоону токтотпогону себеп болгону айтылууда. Кечээ кечинде Израил ок атууну токтотууну дагы 24 саатка узартып, мындай абал жекшемби түнкү саат 12ге чейин сакталаарын билдирген болчу. Бул Бириккен улуттар уюмунун өтүнүчү менен гуманитардык максатты көздөөрү да кабарлаган.

Бирок Израил ХАМАС уюмунун чабуулдарына жооп кайтарарын жана Газа тилкесиндеги тоннелдерди жок кылуу аракеттери улантыларын эскерткен эле. ХАМАС болсо 24 сааттык тыныгууну четке кагып, Газа тилкесинен аскерлерди алып чыгуу жана бул аймакка тынч жарандардын кайтып келишине мүмкүнчүлүк бербеген элдешүүгө макул эместигин билдирген.

19 күндөн бери уланып жаткан уруштан ХАМАС уюму билдиргени боюнча, 1000ге жакын палестиналык адам набыт кетти. Ал эми Израил тараптан 40 аскер жана 3 жай тургуну мерт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG