Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Малайзия учак кыйраган жерге полиция киргизет


Малайзия Украинадагы орусиячыл жикчилер менен 17-июлда учак кыйраган жерге эл аралык полиция киргизүү боюнча макулдашканын жарыялады. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разактын кеңсеси бүгүн билдиргендей, полиция кызматкерлери кыйраган жерге барып, кырсыктын себептерин иликтеп жаткан эл аралык эксперттердин коопсуздугун сактамакчы. Буга чейин Австралия да кийинки аптадан тарта учак кулаган жайды күзөтүү үчүн 190 полиция кызматкерлерин жөнөтөөрүн кабарлаган.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Жулие Бишоп полиция кызматкерлеринин айрымдары эксперттердин коопсуздугун камсыздоо максатында курал алып жүрөрүн билдирди.

17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан “Боинг” үлгүсүндөгү учак Донецк облусунун аймагында кыйраган. Учакта 298 адам болгон. Бул учакты аталган аймакка көзөмөл кылган орусиячыл жикчилер атып түшүрдү деп шектелүүдө. Өз кезегинде жикчилер мындай айыпты четке кагып жатышат.

XS
SM
MD
LG