Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Бенгазидеги салгылашта 38 адам набыт кетти


Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында өкмөттүк аскерлер менен исламчылардын салгылашынан акыркы 24 саатта 38 адам набыт болду. Алардын көпчүлүгү аскерлер. Расмий маалыматка ылайык, салгылаш 26-июлда башталган. Анда исламчыл топтор шаар борборунан анча алыс эмес жердеги армиянын кеңсесине чабуул коюп, алууга аракет кылган.

Акыркы эки аптадан бери Ливияда куралдуу жаңжал уланууда. Бул тиреш 2011-жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулагандан берки эң ири уруш катары бааланууда. Буга байланыштуу 26-июлда АКШ аталган өлкөдөгү элчилигин жапкан. Учурда элчилик кызматкерлери коңшу Туниске жайгаштырылды.

2012-жылы Бенгази шаарында дипломат Крис Стивенс баштаган үч АКШ жараны өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG