Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Малиде кыйраган учактын калдыктары изделүүдө


Франциялык адистер Малиде кыйраган Алжирдин учагынын калдыктарын издеп жатышат. Алар мындай жол менен кырсыктын себептерин аныктоону көздөшүүдө.

Франциянын иликтөө жана анализ агенттигинин башчысы Ремо Жоити бул иштер бир нече күнгө созулаарын жана анын алкагында учактын “кара кутулары”, кырсык болгон учурдагы табигый шарттар иликтенээрин билдирди.

Ал эми Франциянын президенти Франсуа Олланд кырсыкта набыт болгондордун жакындары менен жолугуп, учактагы 118 адамдын сөөгү Францияга алып келинип экспертизадан өткөрүлөөрүн билдирди.

"Air Algerie" авиакомпаниясына таандык Буркина-Фасодон Алжирге бараткан учак 24-июлда Малинин аймагында кырсыкка учураган. Анда 118 адам болгон. Учактагылардын 51и Франциянын, 25и Буркина-Фасонун, калгандары Орусиянын, Ливандын, Алжирдин жана Германиянын жарандары эле.

XS
SM
MD
LG