Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Израил Газадагы операциясын улантат


Жекшембиде америкалык сыналгыда сүйлөгөн сөзүндө Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаньяху ХАМАС уюмун элдешүүнүн шартын бузду деп күнөөлөп, Газа тилкесиндеги согуштук операция уланаарын эскертти. Анын алдында ХАМАС 24 сааттык гуманитардык элдешүүгө макул болгонун жарыялаган эле. Ага чейин израил бийликтери ХАМАС Израилдин түштүк жана борбордук аймактарын ракетадан аткылагандан кийин бир тараптуу 24 сааттык элдешүүсүнөн баш тарткан. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун маалымат катчысы Бан бардык тараптарды жети күндүк элдешүүгө чукул чакыраарын билдирди. Ишембиде Тел-Авивде миңдеген адамдар Израилдин Газа тилкесине каршы аскерий өнөктүгүн токтотууну талап кылып, демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG