Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Украина: салгылашта кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылды


Донецк аймагынын администрациясы Горливка шаарындагы согушта аз дегенде 13 киши, анын ичинде эки жаш бала набыт кеткенин маалымдады. Жекшембидеги маалыматта бул үчүн ким күнөөлүү экендиги такталган жок. Украин күчтөрү Донецк аймагындагы орусиячыл жикчилдерге каршы 26-июлда операция башталганын жарыялаган. Жекшембиде чейрек миллион калкы бар Горливканын айланасында салгылаштар жүрүп жатканы кабарланды. Донецктен 45 чакырым аралыкта жайгашкан Горливканын аймагындагы дарыгерлер оор салгылаштан улам сыртка чыгып, курмандыктардын эсебин ала албай жаткандыгын айтышууда. Ал арада АКШнын Мамдепартаменти Орусия Украинанын чыгышын аткылаганы 21-июлда жана 26-июлда күндөрү космостон тартылып алынды делген сүрөттөрдү жарыялады.

XS
SM
MD
LG