Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Израил өкмөтү Газадагы операция улантыларын билдирди


Жекшемби күнү америкалык телеканал аркылуу Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху Газа тилкесиндеги согуштук операция уланаарын эскертти. Ал буга ХАМАС уюмун элдешүү шартын бузганы себеп болгонун айтты.

Анын алдында ХАМАС 24 сааттык гуманитардык элдешүүгө макул болгону жарыяланган эле.

Ишембиде Тел-Авивде миңдеген адамдар Израилден Газа тилкесине каршы аскерий соккуларды токтотууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

8-июлдан бери уланып жаткан уруштан ХАМАС уюмунун маалыматына ылайык, 1000ге жакын палестиналык набыт кетти. Ал эми Израил тараптан 40 аскер жана 3 жай тургуну мерт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG