Кыргызстандын Чек ара кызмат башчысы Райымберди Дүйшөмбиев менен Тажикстандын башкы чек арачысы Ражабали Рахмонали өткөн жума соңунда Исфара шаарында жолугушту. Жолугушууда Баткендин Тамдык айылында 10-июлда катталган куралдуу жаңжалдын себептери жана соңку кырдаал талкууланды. Мындай чатактар кайталанбашы үчүн Тамдык-Бедак аймагын биргеликте кайтарууну күчөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.
10-июлда Баткендеги Тамдык айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыккан. Анда тажик тараптан жалпысынан 7 адам жаракат алып, бирөө каза болгон. Ал эми бир кыргыз чек арачы жараат алган.(BkA)