Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Бишкекте айрым маршруттардын айдоочулары иш ташташты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгын башчысы Нурлан Абдыканов кабарлады. Анын айтымында, шаардыктарды ташыган кичи автобустардын айдоочулары күйүүчү майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузгандарга айыптын көтөрүлүшүнө нааразы болуп жатышат. Алар жол кирени көбөйтүүнү талап кылышууда. Учурда аталган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат:

-Кайсы каттамдан иш таштаганы тууралуу так айта албайбыз. Анткени бир нече маршруттагы айрым бригадалар таштады. Биз учурда атайын жыйын куруп, бул боюнча абалды талкуулап жатабыз-деди Абдыканов.

“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда учурда Бишкектеги бир катар каттамдаагы кичи автобустар иштебей, ал шаардыктар көздөгөн жагына жете албай жатышат.

Бишкектиктер жол кире үчүн күндүз 10 сом, кечки 9дан кийин 12 сом төлөшөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG