Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

ЖККУ аскерлери “Майтарылгыс боордоштук” машыгуусуна келишти


29-июлда “Майтарылгыс боордоштук” аттуу аскерий машыгууга катышуу үчүн Кыргызстанга ЖККУга мүчө беш өлкөнүн аскерлери келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Аскерлерин машыгууга жиберген мүчө-мамлекеттердин ичинде Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения бар.

Машыгуу үч күнгө созулуп, ага мүчө мамлекеттердин аскер башчылары жана ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа катышмакчы. Алардан тышкары байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү да Кыргызстан аймагында өтө турган бул аскерий иш чарага көз салаары айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG