Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Бишкекте айдоочулардун иш таштоосу уланууда


Бишкекте иш таштаган маршруттук каттамдардын айдоочулары акциясын улантаарын айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына шаардагы 113-каттамдын айдоочулары билдиришти. Алардын айтымында, күйүүчү май кымбаттады. Ошондой эле каттамдарда орундуктардын санына жараша жүргүнчүлөрдү ташууну талап кылган жаңы эреже кирди. Бул эрежени сактабагандарга айып пул салынмакчы. Мындан улам айдоочулар жол кирени кымбаттатууну же жаңы киргизилген эрежени жокко чыгарууну талап кылууда.

Буга чейин Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгын башчысы Нурлан Абдыканов айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG