Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Франция ирактык христиандарды кабыл алууга даяр


Ирактык тарсаларга региондо бийлик жүргүзгөн мусулман экстремисттери исламга өткүлө, диний салык төлөгүлө, болбосо өлүмгө баш байлайсыңар деп шарт койгон.

Франциянын тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин 28-июлда чогуу жасаган билдирүүсүндө: “Эгер ирактык христиандар каалашса, өз жерибизде баш паанек берүүгө даярбыз,”- деп айтылат.

Буга чейин Франциянын өкмөтү Ислам мамлекети кыймылынын коркутуусунан качып, Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн башкаруусундагы аймакка барган тарсаларга гумжардам берген.

Ислам мамлекети группасы мурда өзүн Ирак жана Леванттын Ислам мамлекети деп атачу. Козголоңчул топ июнда Ирактын түндүгүндө чоң аймакты басып алганда жыл башынан бери Мосулда баш калкалап жаткан тарсалар шаарды таштап кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG