Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Москва соту Зейналовду 17 жылга эркинен ажыратты


Москва шаардык соту Орусия жараны Егор Щербаковду өлтүрдү деп айыпталган азербайжандык Орхан Зейналовду дүйшөмбүдө 17 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары, маркумдун туугандарына үч миллион рубль моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

25 жаштагы Щербаковдун өткөн жылдын 10-октябрындагы өлүмүнөн кийин Москванын Бирюлево районунда орус улутчуларды баштаган анти-мигранттык тополоң чыккан.

Зейналов алгачкы сот жараяндарында Щербаковго өзүн коргоо максатында бычак шилтегенин билдирген. Кийинчерээк бул көрсөтмөсүнөн баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG