Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Чыгыш Украинада “Айдар” батальонунун 23 аскери каза болду


Өткөн бир суткада аймактагы салгылашуу учурунда ыктыярдуу “Айдар” батальонунун 23 аскери мерт кетти. Бул тууралуу батальондун Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу маалымдалды. Алар Луганск облусунун Лутугино калаасында аскердик операцияларга катышып жүргөн болчу.

УНИАН агенттиги аталган шаар дүйшөмбү күнү украин армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн, административдик имараттарга украин желеги илингенин билдирди.

Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Андрей Лысенко 28-июлда маалымдагандай, Донецк облусундагы Торез шаарынан да жикчилер акырындап чыгып кете баштады.

БУУнун билдирүүсүнө ылайык, соңку үч ай ичинде өкмөт күчтөрү менен жикчилердин согушунан Украинада 1100дөн ашуун адам апаат кетти. (SE)

XS
SM
MD
LG