Республиканын бүт аймагында айт намазы эртең мененки саат 7:30да башталды. Бишкекте жамааттык намаз эски аянтта окулду. Облус борборлорунда да майрамдык ибадатты негизги аянттарда, айыл жерлеринде мечиттерде аткарышты.
Миңдеген адамдардын катышуусунда Бишкекте окулган намазга бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана шаар мэри Кубанычбек Кулматов катышты.
Орозо айтка байланыштуу Кыргызстанда 28-29-июль күндөрү дем алыш деп жарыяланган. (SE)