Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Еврошаркет Орусияга каршы жаңы санкцияларды макулдашууда


Бүгүн Брюсселде макулдашылары күтүлүп жаткан санкциялар Орусиянын каржы, энергия жана коргонуу секторлорун бутага алат.

Башкача айтканда орусиялык айрым банктардын Европа базарына кирүүсү, энергия секторунда келишимдерди түзүү чектелет, курал жана кош максатта колдонулуучу товарларды сатууга эмбарго коюлат.

Еврошаркеттеги дипломатиялык булактардын айтымында, жаңы санкциялык тизмеге орусиялык сегиз өкүл жана үч ишкана киргизилмекчи. Ал ысымдар коомчулукка эртең жарыяланат деп күтүлүүдө.

Америкалык “The Wall Street Journal” басылмасынын жазганына караганда Еврошаркеттин жаңы санкциялары Орусиянын эки ири банкы: Сбербанк менен ВТБ банктын ишин чектейт.

Еврошаркеттин Орусияга каршы санкцияларынын жаңы айлампасы Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында малазиялык жүргүнчү учак атып түшүрүлгөндөн соң киргизилүүдө.

Өткөн дем алыш күндөрү эле Еврошаркет Орусия боюнча "кара тизмесине" Украинадагы жикчилерге байланышы бар делген 15 адамды жана 18 мекеме –уюмду кошкон. (UE)

XS
SM
MD
LG