Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Газадагы уруш уланууда


Газа шаарынан атышуулар менен жардыруулардын үнү бүгүн да угулуп жатат.

Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, Израилдин ракетасы бүгүн Газанын лидери Исмаил Ханиянын үйүнө тийди. Турак-жай бузулганы менен эч ким жабыркаган жок.

Кеминде алты палестиналык Рафахта, тогуз жаш бала Газанын четиндеги Шати качкындар лагеринде мерт болушту. Израиль алар ХАМАСтын жаңылыш аткан ракетасынан мерт болгонун айтса, палестин тарап Израилдин өзүн айыптоодо.

Газадагы аскерий операцияны ХАМАСтын ракета атууларынан коргонуу деп түшүндүргөн жөөт премьер-министри Биньямин Нетаньяху эки күн мурда өз калкына Газадагы согуш “узаруусуна” даяр турууну эскертти.

Үч аптадан берки уруштарда 1072 палестиналыктын өмүрү кыйылып, миңдегендери жаракат алды. Израиль 52 аскерин, үч жаранын жоготту. (UE)

XS
SM
MD
LG