Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Орусия: Украин аскерлери Орусия аймагын аткылады


Орусия тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө “биз Киевден Орусия федерациясынын суверендүү аймагын аткылоону токтотууну расмий талап кылабыз”,- деп айтылат.

Орус тараптын ырастоосунда, алардын аймагы Чыгыш Украина менен чек арада автоматтан жана гранатометтон аткыланган.

Киев буга чейин Москванын мындай айыптоолорун четке кагып келген.

Бул аралыкта украин күчтөрү менен орусиячыл жикчилердин атышууларынан улам эл аралык тергөөчүлөр малазиялык жүргүнчү учак 17-июлда кыйраган жерге бүгүн да бара албады.

Расмий Киев кечээ алардын аскерлери 298 жүргүнчү мерт болгон жердин айланасындагы кыштактарга киргенин кабарлаган.

Эл аралык эксперттер учактын кыйроо себептерин так билиш үчүн анын сыныктарын текшерүүнү көздөшүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG