Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Шинжаңда “террордук кол салуу” болду


Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги бүгүн маалымдагандай, “террордук кол салуудан” ондогон кишинин өмүрү кыйылды жана жаракат алышты.

Окуя кечээ эртең менен Кашкар префектурасынын Саче округунда болуп, полиция бекетине жана өкмөттүк кеңселерге бычак менен куралдангандар кол салган.

Полициянын эсебинде, андан уйгур жана кытай улутундагы “ондогон жайкын тургундар мерт болгон же жаракат алган”.

Мамлекеттик медиянын кабарларында, полиция “бандиттик топтун ондогон мүчөлөрүн” атып салганы айтылат.

Кабар эмне үчүн бир күн кечигип чыкканы беймаалым. Шинжаңда ушул жыл ичиндеги бир нече кол салуу үчүн расмий Бээжин уйгур жикчилерин айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG