Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Карзайдын жээни жанкечтинин жардыруусунан мерт кетти


Өлкө түштүгүндөгү Кандагар округунда жанкечти-согушкер уюштурган жардыруу президент Хамид Карзайдын жээни Хашмат Карзайдын өмүрүн кыйды. Округ бийлигинин маалымат катчысы Даво Хон Менапал “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, жанкечти курга байланган жардыргыч затты 29-июлда Хашмат Карзайдын Данд районундагы үйүндө болуп жаткан жолугушуу учурунда жардырып жиберген. Менапал окуядан дагы бир адам мерт кеткенин кошумчалады. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Маркум Хашмат Карзай быйылкы президенттик шайлоолор учурунда Кандагарда талапкер Ашраф Ганинин ишенимдүү өкүлү катары иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG