Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:27

Барактыктар буудай жыйнаганга Өзбекстандан жардам сурады


Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы болгон Барак айылынын жашоочулары эгин-тигиндерди жыйноо үчүн Өзбекстандан техникалык жардам сурады. Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун акими Кара-Суу районунун акиминин суранычы менен буудайды жыйноо үчүн Баракка бир комбайн жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдын башчысы Бурканбек Ашуров билдирди:

- Өткөн жумада Өзбекстандын чек арачылары телефон чалып, комбайн берилерин айтышты. Ак-Таш чек ара өткөрүү пунктунан барып, комбайнды айдоочусу менен алып келдим. Ишемби күнү 8 гектар жерибиздеги буудайдын баарын оруп-жыйыштырып, кайра кетти.

Чек аранын жабыктыгы жана айланма жолдун алыс экенине байланыштуу Кыргызстандан техника алып баруу кыйынчылык туудуруп жатат.

Барактыктар быйыл 8 гектарга буудай, 91 гектар жерге жүгөрү айдаган. Кишинин жана техникалык каражаттардын жетишсиздигинен 61 гектар жер кароосуз калып кеткен.

Кыргыз өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу маал-маалы менен айылга күйүүчү май жана башка гуманитардык жардамдарды жөнөтүп турат.

Өзбекстан 2010-жылдан бери чек араны жаап, барактыктардын Кыргызстан менен байланышы татаалдашып калган. Кыйынчылыктан улам, кыштактагы жашоочулардын көбү убактылуу жашап туруш үчүн Кыргызстандан башка аймактарына көчүп кеткен. Ал жердеги 153 түтүндөн азыр 24 гана кожолук калган. Айыл өзү Оштун Кара-Суу районуна карайт. (SE)

XS
SM
MD
LG