Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Француз элчиси “Морфо” компаниясы боюнча билдирүү таратты


Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендерде кийинки баскычка өткөн франциялык “Морфо” компаниясына байланышкан каралоолорду четке какты.

Стефан Катта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Менин бул билдирүүм тендерге карата басым деп эсептелбеши керек. Мен болгону өлкөмдүн атынан катышып жаткан “Морфо” компаниясына карата айтылып жаткан ар кандай маалыматтарды жокко чыгаруу үчүн ушундай билдирүү жасадым” деди.

Биометрикалык паспорт даярдоодо керектүү жабдыктар менен Кыргызстанды камсыз кылуу боюнча өткөрүлгөн тендерде "Морфо" 2-баскычка жолдомо алган 6 компнаиянын бири. Учурда тендердик комиссия аларды текшерип, аудит жүргүзүүдө. Буга чейин айрым маалымат каражаттары франциялык “Морфо” компаниясы коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп жазышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG