ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Борбор Азиялык “Оймо” фестивалы 2-августта аяктайт

Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” эл аралык фестивалы 28-июлдан бери Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн 150дөй уз катышууда. Иш-чаранын алкагында чеберлердин колунан жаралган буюмдар сатылып, каалоочулар үчүн атайын сабактар өтүүдө. Бул тууралуу аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири Гүлмира Кутуева кабарлады.

Фестивалдын алгачкы бөлүгү 25-27-июлда Бишкек шаарында өткөн. Ал быйыл 9 - жолу өтүп жатат. (UEz)

​
XS
SM
MD
LG