Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Беларус Украина менен Орусияга ортомчу болууга даяр


Беларус украин кризиси боюнча Украина, Орусия жана ЕККУ ортосунда сүйлөшүүгө ортомчу болууга даярдыгын билдирди. Президент Александр Лукашенконун кеңсеси бүгүн билдиргендей, мындай сураныч менен украинанын президенти Петро Порошенко кайрылган. Порошенко беларус президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, малайзиялык учак кулаган жерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мындай сүйлөшүү уюштурууну суранган. Учак кулаган жердеги өкмөттүк аскерлер менен жикчилердин куралдуу урушунан улам ЕККУнун эксперттери үч күндөн бери ал жакка бара албай жатат.

Азырынча бул сүйлөшүү качан өтөөрү белгисиз. Бирок сүйлөшүүгө Орусиянын Украинадагы элчиси Михаил Зурабов жана Украинанын мурунку президенти Леонид Кучманын катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG