Кыргызстанда кулчулукка дээрлик 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандар кабылышат жана алардын басымдуу бөлүгүн алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары түзүшөт. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму адам сатууга каршы күрөш күнүнө байланыштуу тараткан маалыматта айтылат.
Эл аралык бул уюм быйыл кулчулукка кабылган 92 кыргызстандыкка жардам көрсөткөн. 2002-жылдан бери эл аралык миграция уюму тарабынан 1755 жаран кулчулуктан куткарылган. Алардын 357си сексуалдык кулчулукка, калганы эмгек кулчулугунда жүргөндөр.
БУУ 30-июлду “Эл аралык адам сатууга каршы күрөш күнү”деп 2013-жылдын 18-декабрында жарыялаган.
Расмий эмес маалыматтарда КМШ өлкөлөрүнүн 2 миллиондой жараны кулчулуктун чеӊгелинде экени айтылат. Адам сатуу бизнесининде дүйнө боюнча 150 млрд. доллардын тегерегинде акча айланат. Бул сумманын 70 пайызы сексуалдык кулчулукка таандык. (YI/UEz)