Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Алматыда "Аңыз адам" журналы айыпка жыгылды


Алматы шаарынын соту таанымыл адамдар жөнүндө жазган “Жылдыздар От башы - Аңыз адам” журналынын редактору Жарылкап Калыбайды Адольф Гитлерге арналган саны үчүн айыпка жыкты. Сот бүгүн Калыбайды “Экстремизмди актоо жана жайылтуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Анын негизинде редакторго 150 доллар жана журналга 700 доллар өлчөмүндөгү айыппул салынды. Сот Гитлер жөнүндө басылган санын жок кылууну да милдеттендирди.

Журналдын апрель айындагы санында Гитлердин сүрөттөрү жана ал жөнүндө эскерүүлөр чыккан эле. Гитлердин «Майн Кампф» китебинен да үзүндүлөр жарык көргөн. Мындан соң Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери Калыбайды «фашизмди даңазалайт» деп ай башында сотко беришкен. Бир ай мурун бул ишти караган сот арызданган ар бир ардагерге бир миллион теңгеден төлөп берүү чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG