Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Орусия Польшанын жашылча-жемишине тыюу салды


Орусия 1-августтан тарта Польшадан жашылча-жемиш алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба продуктуларын көзөмөлдөөчү “Россельхознадзор” мекемесинен билдиришти. Аталган мекеме өкүлү мындай чечим Польша тараптын сертификатта көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганы жана жер-жемиштен тыюу салынган заттар табылганы үчүн кабыл алынды деп түшүндүрдү.

Польша Орусияга жер-жемиш жана жашылчаны ташып келген негизги өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдөн жыл сайын 1 миллиард еврого жакын баадагы жашылча-жемиш Орусияга ташып келинет.

XS
SM
MD
LG