Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Боомдо соода күркөлөрүнүн ээлери жол бууп турат


Кемин районунун 20га жакын тургуну бүгүн Бишкек - Нарын - Торугарт жолун Боом капчыгайынан тосуп, нааразылык билдиришүүдө. Бул тууралуу акцияга чыккандардын бири Сайнагүл Ашырова кабарлады. Анын айтымында, алар Муздак-Суу аймагында жол четине күркөлөрдү коюп, соода кылышчу. Бирок аталган жол оңдоло баштагандан тарта бул күркөлөргө кетчү жолду тосуп салышкан. Мындан улам соодасы токтоп, алган насыяларды төлөй албай жатышат.

Ашырованы айтымында, жол оңдолуп бүткөнүнө байланыштуу аталган тосмолорду алып салуу өтүнүчү менен Транспорт жана коммуникация министрлигине кайрылган. Министрлик аны ачып берүүнү бир нече жолу убада кылганы менен аткарылбай жатат. Мындан улам бүгүн акция өткөрүүнү чечишкен. Алар талаптары аткарылбаса, жол тосууну уланта берээрин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG