Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Жарандык активисттер “Тазалыктын” жетекчисине нааразы


Бишкек мэриясынын алдындагы “Тазалык” ишканасына кайрадан жетекчи болуп дайындалган Рысбек Сарпашевге каршы жарандык активисттер бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Бул тууралуу “Государственники” кыймылынын өкүлү Ренат Самудинов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Тазалыктагы" айрым топтор саботаж кылып, шаардын таштандыдан арылышына тоскоолдук кылып жатышат.

- Кайрадан жетекчи болуп дайындалган Рысбек Сарпашев "Тазалыкты" убагында 96 млн. сом карызга батырган. Улам бир жаңы жетекчи келип, коррупциялык схемаларга каршы иш баштаганда бир ууч топ ушинтип саботаж жасап жатышат, - деди Самудинов.

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, буга чейин жетекчи болуп иштеп келген Замирбек Асанбаев ден соолугуна байланыштуу кызматынан кеткен.

Айтылып жаткан дооматтар боюнча Сарпашевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG