Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

Депутат Карганбек Самаков жаңы партия түздү


“Ата Мекен” партиясынын катарынан чыккан Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков “Биримдик-Единство” аттуу партия түзгөнүн расмий жар салды. Анын жалпы элге кайрылуусунда аталган партиянын курамын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуяларга сергек баа бере турган, заманга жараша ой жүгүрткөндөр толуктаары айтылат. "Мен сага бийликти же байлыкты убада кылбайм. Сени менен бирге иштөгө убада берем. Каталыктарды биргелешип жоюп, жеңишке чейин бирге барабыз” , - деп айтылат Самаковдун кайрылуусунда.

Карганбек Самаков “Ата Мекендин” катарынан 15-июлда чыккан. Ал өзүнүн мындай кадамын аталган партия купулуна толбой калганы менен түшүндүргөн.

Ал эми “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Самаковдун партиядагы келечеги жок болгондуктан өз камын ойлоп, өзүнчө партия түзөт деген оюн билдирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG