Өндүрүштөн чыкканына 4-5 жыл болгон, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 3 куб. га чейинки автоунаалардын бажы төлөмү 2015-жылдан тарта жыл сайын кубуна 0,5 долларга кымбатташы мүмкүн.
Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөткө жана коомчулукка сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча автоунааларга бажы төлөмү 6 баскыч менен көтөрүлөт.
- Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун негизги максаты өлкөгө эски унааларды киргизүүгө чек коюу. Анткени алар биздин экологияны бузат жана эски машинелер ушу кезге чейин утилизация кылынбай келет, - деди Ибраев.
Экономика министринин орун басары кошумчалагандай, эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса көлөмү 3 куб. га чейинки унаалардын бажы төлөмү 1-сентябрдан тарта кубуна 10 центке көтөрүлөт. Өндүруштөн чыкканына 4-5 жылдан ашкандарга жыл сайын кубуна 50, ага чейинкилерге 30 доллардан кошулат. Азыр автоунаа ээлери 720 доллардан төлөп жатышса, мыйзам кабыл алынса 1-сентябрдан тарта 960 доллардан төлөшү керек болот. (UEz)