Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Орусияга каршы санкциялар кыргыз ишкерлерин да тынчсыздантууда


Орусияга каршы Евробиримдик менен АКШ киргизген бир катар экономикалык санкциялар Кыргызстанга да терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Руслан Акматбек “Азаттыкка” билдирди. Санкциялар биринчи кезекте Орусиянын Кыргызстанга салчу ири инвестициялык долбоорлорун артка тартат.

Экономикалык чектөөлөрдөн улам Орусиядагы кыргыз мигранттарынын мекенине жөнөткөн акчасы азайышы мүмкүн. Ошондой эле күйүүчү майлардын баасы азыркыдан да кымбатташы мүмкүн.

29-июлда Европа Биримдиги жана АКШ Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн жаңы санкцияларды киргизген.

Орусиялык беш банктын эл аралык каржы базарындагы операцияларын, Европадан курал жана товарларды сатып алууну чектелет. (UEz)

XS
SM
MD
LG