БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай Газа тилкесиндеги аскердик операциялар үчүн Израилди сындап чыкты. Пиллай 31-июлда Женевада сүйлөгөндө Израил аскерлеринин 250 миңге жакын адам корголоп отурган мектепке, ооруканага жана БУУнун башка обьекттерине урган соккуларын эл аралык укукту бузуу катары сыпаттады.
Улуттар Уюумунун комиссары билдирүүнү Израил армиясы Газадагы палестин качкындары жашаган лагерге сокку ургандан 1 күндөн кийин жасады. Андан 16 адам мерт кеткен.
Пиллайдин маалыматы боюнча Газа тилкесинде уруш башталгандан берки 24 күндө 1364 палестиналыктын өмүрү кыйылды. Алардын үчтөн экиси жай тургундар.
Израил тараптан 56 аскер жана 3 жай тургун ажал тапты.
Ал арада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тилкедеги ХАМАС орноткон туннелдерди жок кыларын эскертти.