Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Эрлан Абдылдаев тажик президенти менен чек ара маселесин талкуулады


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 31-июлда Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммитинин алкагындагы жолугушууда негизинен чек ара маселеси талкууланды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар чек ара пункттарында эл аралык жүк өткөрүү боюнча шарттарды жакшыртуу тууралуу келишимге жакында кол коюуга макулдашты. (SE)

XS
SM
MD
LG