Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:10

Сноудендин убактылуу баш калкалоо мөөнөтү аяктады


Эдвард Сноуден бир жылдан Орусияда баш калкалоодо.
Эдвард Сноуден бир жылдан Орусияда баш калкалоодо.

АКШнын чалгындоо мекемесинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин Орусияда убактылуу баш калкалоо мөөнөтү бүгүн аяктайт. Ал Американын чалгындоо боюнча электрондук программаларын жарыялап жибергени үчүн мекенинде айыпталууда.

31-июль күнү Сноуден баш калкалоо мөөнөтүн узартуу үчүн Орусиянын Федералдык миграция кызматына документтерди тапшырды. Орус өкмөтүнүн чечими азырынча маалым эмес. Бул тууралуу Сноудендин адвокаты Анатолий Кучерена билдирди. Адвокат ошондой эле Сноуден башка мамлекеттен баш паанек алууга аракеттенип жатканын да кошумчалады.

Сноуден 2013-жылдын жай мезгилинен бери Орусияда. Ал өкмөттүн купуя маалыматтарын шардана кылгандан кийин мекенинде издөөгө алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG